Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Капа кылгысы келбөө, кадырын сыйлоо, көңүлүнө кароо. Алардын көңүлүн кыйбай, кылчактап жатып кечигип калдым («Ленинчил жаш»), Жеңемдин көңүлүн кыйбай, кал десе кала берип, ушуну көрдүм («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Капа кылгысы келбөө, кадырын сыйлоо, көңүлүнө кароо. Алардын көңүлүн кыйбай, кылчактап жатып кечигип калдым. Жеңемдин көңүлүн кыйбай, кал десе кала берип, ушуну көрдүм («Кыргызстан маданияты»). В.: Көөнүн кыйбоо. Муну таштап кетүүгө көөнүн кыйбай турам («Ала-Тоо»).